Ошто кытай жараны жетекчисин өлтүрүүгө шектелүүдө
RU

Ошто кытай жараны жетекчисин өлтүрүүгө шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында кытай жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 8-ноябрда мейманканада орун алган.

Белгилүү болгондой, "Пекин" мейманканасында 1978-жылы туулган Д. Ж. атуу кытай жараны киши колдуу каза болгон. Оор кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган К.П. аттуу кытай жараны кармалды.

Шектүү кылмыш жасагандыгын моюнга алып, окуяга өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирген. Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмсөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу иш алып барып, маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Окуя боюнча ошол жерде жашагандар, маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр сурак беришти. Ал эми шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9191