Филипп Киркоров сахнага эмнеге колготкичен чыкканын айтты
RU

Филипп Киркоров сахнага эмнеге колготкичен чыкканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын поп ырчысы Филипп Киркоров Алматыдагы концертинде сахнага кийип чыккан кийими менен кызуу талкууга алынды. Анын колготки жана ич кийимге окшош форма менен сахнага чыкканы казак көрөрмандарынын нааразычылыгын жаратты.

"Дээрлик "Бейиш багында" ырын аткарарда формамды алмаштырышты. Ошол маалда элдин алдына чыгышым керек болчу. Ошентип командам мени күйөрмандарга "күнөөкөр" кылып чыгарышты", - деп жазган Киркоров өзүнүн аккаунтунда (автордун стили жана орфографиясы сакталган).

Киркоров барына айдын тутулушу себеп болгон деп тамашалады. "Тамаша тамашасы менен! Чынын айтсам мындай тамашаларды жактырбайм, бирок ыңгайсыз абалда калдым. Кандай болгон учурда да шоу уланышы керек! Командамдын бул жоругу менин эсимде көпкө сакталат. Мен буга жооп даярдайм! Айдын тутулушун ар ким өз алдынча майрамдайт", - деп жыйынтыктады Киркоров.

Буга чейин Филипп Киркоров Бишкекте концерт берип, анда 3 түрдүү кийим менен сахнага чыккан. Ал көк жана кара түстөгү футболка менен чыкса, биринде күрмө кийген. Ырчы социалдык тармактагы баракчасына анын концерттик кийимдери бажы маселелесине байланыштуу спорт ордосуна жетпей калганы менен түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9195