Кыргыз эл сүрөтчүлөрү жана "Учур" театрынын жетекчиси алтын медаль менен сыйланышты
RU

Кыргыз эл сүрөтчүлөрү жана "Учур" театрынын жетекчиси алтын медаль менен сыйланышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, "Учур" театрынын директору Шаршенбек Шейшеновго ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалдары тапшырылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өнөр адамдарынын маданият жана искусство тармагына кошуп жаткан салымдары эл аралык уюм тарабынан жогору баалынып жатканын айтты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан Мухтар Ауэзов атындагы алтын медаль менен сүрөтчү Маратбек Шарафидинов жана "Учур" театрынын директору Шаршенбек Шейшенов сыйланды. Ал эми сүрөтчү Асан Турсункулов аталган уюмдун "Чынгыз Айтматов" атындагы медалы менен сыйланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9205