Жалал-Абадда август айында үйүнөн качып кеткен өспүрүм табылды
RU

Жалал-Абадда август айында үйүнөн качып кеткен өспүрүм табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда дээрлик 3 айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан өспүрүм ата-энесине аман-эсен өткөрүлгөнүн маалымдады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 1979-жылы туулган М.А. аттуу шаар тургуну кайрылып, август айынын орто ченинде 14 жаштагы уулу белгисиз тарапка качып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Бул маалымат милиция тарабынан каттоого алынып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери башталган. Балдар иштери боюнча инспекция тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 14 жаштагы бала Ош шаарында жүргөндүгү аныкталган. Ал Жалал-Абадга алынып келип ата-энесине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9214