"Автоматтык өчүрүүлөр болду". Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы боюнча түшүндүрмө
RU

"Автоматтык өчүрүүлөр болду". Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы боюнча түшүндүрмө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-ноябрда Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы бир нече саатка үзгүлтүккө учурап, тургундардын нааразычылыгын жаратты.

Улуттук энергохолдинг ишканасынан электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы боюнча түшүндүрмө беришти.

"Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөө бир кыйла өскөндүгү байкалды. Электр жабдыктарында чыңалуу жогорулагандыктан мүмкүн болгон авариядан алдын алуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болду. Улуттук энергохолдинг убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Ошондой эле калкты электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүнү сунуштайбыз. Учурда электр тармагындагы абал турукташты", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9217