Кыргызстандын мамлекеттик казынасындагы тартыштык 35 миллиард сомдон ашат
RU

Кыргызстандын мамлекеттик казынасындагы тартыштык 35 миллиард сомдон ашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы министрлиги республикалык казынадагы тартыштык 35 миллиард сомду түзөрүн маалымдады. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Чыгымдар – 291,2 млрд сом Ал эми тартыштык 9,1 миллиард сомду түзөт.

Учурда 2022-жылга республикалык бюджетке тактоолор даярдалды. Ага ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 272 млрд сом деңгээлинде же 10,1 млрд сомго кыскаруу менен болжолдонууда.

Салыктан түшкөн каражаттардын азайышынын негизги себеби - Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Россияга каршы кошумча санкциялардын киргизилиши. Бул ЕАЭБдин кирешелеринин азайышына алып келди, ал өз кезегинде Россиядан жана Беларусь Республикасынан азыраак өлчөмдө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө таасирин тийгизди.

Республикалык бюджеттин чыгашалары 307,4 миллиард сомго чейин жетиши болжолдонууда, ал эми тартыштык 35,4 миллиард сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы - бюджеттик каражаттардын, атайын эсептердеги каражаттардын жана мамлекеттик инвестициялардын тартыштыгынан турат.

  • Мамлекеттик инвестициялардын тартыштыгы 14,2 миллиард сомду түзөт, ал мамлекеттик инвестициялардан түшкөн каражаттардын эсебинен жабылат, башкача айтканда тышкы булактар ​​аркылуу.
  • Мамлекеттик органдардын атайын эсептеги каражаттар боюнча кирешелери 19,5 миллиард сомду, чыгашалары 26,2 миллиард сомду түзөт. Анын негизинде тартыштык 6,7 миллиард сомду түзөт. Бул тартыштык жыл башындагы атайын эсептердеги каражаттардын калдыгы менен жабылат.
  • Бюджеттик каражаттардын тартыштыгы бюджеттик каражаттардын кирешелеринин азайышынан жана чыгашалардын көбөйүшүнөн улам түзүлгөн. Бул тартыштык 14,5 млрд сомду түзөт, ал ички булактар (мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жыл башындагы бюджеттик каражаттардын калдыктары) эсебинен жабылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9219