"Манас" китептер сериясы Өзбекстандагы сынакта Гран-приге татыды
RU

"Манас" китептер сериясы Өзбекстандагы сынакта Гран-приге татыды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" китептеринин сериясы TASHKENT BOOK FEST-2022 сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашат.

Министр Алтынбек Максутов "Манас жана Чыңгыз Айтматов" Улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев жана Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловду кабыл алды.

Жолугушууда "Манас" эпосунун сериясы түйшүктүү жана жаратман эмгек катары бааланып, Өзбекстандын окурмандары арасында популярдуулукка ээ экендиги уюштуруучулар тарабынан белгиленгендиги айтылды.

Эске салсак, атлаган сынак 2022-жылдын 5-ноябрында Өзбекстанда өткөн. Жалпысынан иш-чарага 77 басылма катышып, алардын арасынан Кыргызстандан "Манас жана Чыңгыз Айтматов" Улуттук академиясынын "Манас" китептеринин сериясы баш байгени жеңип алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9227