Чоң Чүй каналынын жээгине темир тосмолор орнотулду
RU

Чоң Чүй каналынын жээгине темир тосмолор орнотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугу үчүн Чоң Чүй каналынын жээгине темир тосмолор орнотулду. Бишкек шаардык мэриядан билдиришкендей, "Тазалыктын" жумушчулары темир тосмолорду жасашты.

Мындай демилгени Свердлов районунун акимчилигинин көтөрүп чыккан.

Чоң Чүй каналынын түштүк тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 погон метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулду. Даярдоо жана орнотуу иштерине "Тазалыктын" 7 кызматкери жана атайын техника тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9239