"Унаа" мекемесинин кызматкери акча талап кылганга шектелип кармалды
RU

"Унаа" мекемесинин кызматкери акча талап кылганга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин "Унаа" мекемесинин кызматкери акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, шектүү опузалап пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 9-ноябрда кармалды.

"УКМКга К.И.А. аттуу кыргыз жараны автотранспортту кайра жабдууда уруксат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган "Унаа" мекемесинин кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын 9-ноябрында Кара-Балта шаарында Жайыл-Панфилов "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адиси Т.К.О. акча каражатын талап кылып, алып жаткан учурда кармалды. Кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9242