Бишкектин чет жакаларында бензин саткандарга 3 миң сомдон айып пул салынды
RU

Бишкектин чет жакаларында бензин саткандарга 3 миң сомдон айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жол боюнда күйүүчү майды мыйзамсыз саткан жарандар аныкталып, айып пул салынды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кайгуул кызматына жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшкөн.

Өтүнүчтөрдөн улам жүргүзүлгөн рейддин алкагында 5 жаранга карата протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.

Мындай күйүүчү майды баш аламан саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган.

Мындан сырткары жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин эскертишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9249