Амантур Исмаилов: Спорт менен да элге кызмат кылса болот (видеомаек)
RU

Амантур Исмаилов: Спорт менен да элге кызмат кылса болот (видеомаек)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Амантур Исмаилов 24 жашта. Балбан 1997-жылы 29-декабрда Жалал-Абад шаарында туулган. Ал акыркы жеңиши менен кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланды. Жада калса жаңы төрөлгөн балдарга балбандын аты көп ыйгарыла баштаган. Санарипти өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 172 ымыркайга Амантур деген ысым коюшкан. Балбан менен маек куруп, ийгиликтерин тизмектейбиз.

Жетишкендиктери:

  • Азия оюндарынын коло байгесинин ээси ( Джакарта, 2018-жыл);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Казакстан, Алмата, 2021-жыл);
  • IV Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (Түркия, Конья шаары, 2021-жыл);
  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Сербия, 2022-жыл)

Амантур менен маек

Балбан бул беттештен кандай сабак алып келгенин, мурун кетирген катачылыктарын төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Эгерде ийгиликке жетем десең эч качан машыгууну токтотпой, ошол эле учурда акылдуу да болуу керек экен. Мурункусунда өзүмө аябай катуу ишенип алчу экенмин. Бул жолкусунда эң башкысы даярданып, калганын кудайга койдум. Ушул нерсе мага жардам берди", - дейт.

Спортчу 3-орун үчүн күрөш оор болгонун айтат. Ал учурда ага колдоочулары дем-күч бергенин белгиледи.

"Грузиялык балбан менен беттеш эң оор болду. Анткени ушул беттеш менин медаль алып, же албай калышымдын чечүүчү кадамы болчу. Мени колдоп турган элдин астында чоң жоопкерчиликти сезип жаттым. Ошондуктан бираз кооптонуп оюм чар-жайыт болуп, өзүмдү колго алуу кыйын болду. Ошол учурда мени күрөшкө даярдап жаткан адамдардын жакшы сөздөрү мени жеңишке жеткирди. Эң башкы мотивациям жакындарымдын мага болгон ишеними болду десем жаңылышпайм", - деп өз ыраазычылыгын билдирди.

Амантур 4 бир туугандын экинчиси. Аны спортко бир тууган агасы Артур алып келген. Андан тышкары, ал маркум атасынын салымы чоң экенин эскерди.

Атам мен 11-классты бүтүрүп жаткан кезде каза болуп калган. Өзү күрөшпөсө да спортко болгон кызыгуусу күч болчу. Ошол себептен мени өзү жетелеп, күрөшкө алып келчү. Мен бир ийгиликти багындырышым үчүн колунан келген нерсесинин барын жасады.

Исмаилов спорт аркылуу элге кызмат кылса болот деп ишенет. Ал үчүн спорт - өзүн спортчу катары көрсөтүү гана эмес.

"Мен үчүн спорт - жашоо. Спорт менин өзүмдү-өзүм тарбиялоомо багытталган нерсе. Аны менен бир гана спортчу катары таанылуу, бир жыйынтык көрсөтүү гана эмес, аз да болсо элге кызмат кылса болот деп ишенем".

Каарманыбыз учурда бир гана спорт менен алектенип жатканын айтты. Бирок спорттук карьерасы бүткөндө бизнес менен алектенгиси келет.

Эгерде жеңишке жетем десең бир гана күрөш менен алектенүүгө туура келет. Бирок, спортто медаль утуп келип эле "эми мени мамлекет карашы керек" деген ойго кошулбайм. Кийин бизнес менен алектенем деген оюм бар. Буюрса жакшы болуп кетсе жаш балдар үчүн шарттары менен машыгуу залдарын куруп бергим келет.

Амантурдан жаш спортчуларга кеңеш

  • Өзүңөргө гана ишенгиле.
  • Менден бир нерсе чыгабы же жокпу деп ойлонбостон күрөшө бергиле.
  • Бирөөдөн бир нерсе үмүт этпеш керек
  • Бир гана эмгек жана тынымсыз машыгуу жеңишке жеткирет.
  • Бир жолу утуп андан кийин токтоп калуу болбойт. Өзүңөргө чек койбогула.
  • Спорт деп окууну таштап коюу туура эмес. Акылдуу болуу эң маанилүү нерсе.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9252