Бишкектеги паркта мушташкан пакистандык студенттердин окуясынын чоо-жайы аныкталды
RU

Бишкектеги паркта мушташкан пакистандык студенттердин окуясынын чоо-жайы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жеңиш паркында чет элдик жарандар мушташкан окуянын жагдайлары белгилүү болду. Борбор калаанын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мушташтын айрым катышуучулары кармалды.

Маалыматка ылайык, окуя 10-ноябрда катталган. 11-ноябрда милицияга Пакистандын жараны арыз менен кайрылып, бир нече адам коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелерин бузуп ага кол салганын айткан.

Бул факты "ээнбаштык" беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Бүгүн, 12-ноябрда кол салганга шектүү делинген 20 жаштагы Б. Х., 18 жаштагы Ч. С., 19 жаштагы З. М. жана 21 жаштагы А. Ш. кармалып тергөөгө жеткирилди. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары окуянын башка катышуучулары да аныкталып, милицияга жеткирилди. Алардын аракеттерине да бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы ЖОЖдордун биринде билим алып жаткан бир катар студенттер жүрүм-турум эрежелерин бузгандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигинин буйругу менен окуудан чыгарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9253