Чүйдө туугандардын урушун арачалайм деген киши каза болду. Ага бычак сайылган
RU

Чүйдө туугандардын урушун арачалайм деген киши каза болду. Ага бычак сайылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй районунда 47 жаштагы киши бычактан алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Анын өлүмүнө шектүү жаран кармалганын Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 13-ноябрда Чүй районунун аймактык ооруканасына 1975-жылы туулган А.Б. жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Анын денесинде бычактан алган жаракаттары болгон. Көрсөтүлгөн жардамга карабай бейтап эсине келбей каза болду.

Окуя боюнча 130-беренеде (денеге оор зала келтирүү, өлүмгө алып келгенде) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен сотко чейинки иш козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында 21 жаштагы У.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Такталгандай, туугандар арасында уруш чыккан. Каза болгон киши урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычактан жаракат алган. Ал шектүү болуп кармалган адамдын жездесинин досу болгон. Учурда тергөө уланып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9263