2 млн 750 миң доллар. Өлкөгө мыйзамсыз ташылган акча мамлекетке чегерилди
RU

2 млн 750 миң доллар. Өлкөгө мыйзамсыз ташылган акча мамлекетке чегерилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында мамлекеттик казынага 2 миллион 750 миң доллар чегерилди. Маалыматты коопсуздук комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 15-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында Т.А.М`нын башкаруусундагы Mercedes-Benz унаасы кармалган. Тинтүү учурунда коңшу мамлекеттен өлкөгө мыйзамсыз алынып келген 2 млн 750 миң доллар өлчөмүндө акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы тарабынан 16-октябрда кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

10-ноябрда Баткен райондук сотунун өкүмү менен акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз Республикасынын К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. аттуу жарандары 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынды. Ошондой эле 2 миллион 750 миң доллар (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9271