Министрлик Алымкадыр Бейшеналиев алган унааны Соцфондго кайтарып бере элек
RU

Министрлик Алымкадыр Бейшеналиев алган унааны Соцфондго кайтарып бере элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев өзүнө алып калган унааны Социалдык фондго кайтарып бере элек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Анда Дастан Бекешев Соцфонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында турганда экс-министр Бейшеналиев тарабынан фондго алынган унааларга кызыкты.

"Биз бул маселени көтөргөнбүз. Анда 5 мүнөттүн ичинде чечип коёрун айтышкан. Унааларды алып коюшкан, бирок кайра берише элек. Алар унааны өз каражаттарына сатып алышкан эмес да. Мен билем, аны экс-министр тартып алган", - деди ал.

Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев бул маселе сотко чейин жетип, сот жетектөөчү бөлүмдүн пайдасына чечим чыгарганын билдирди. Ал муну Саламаттыкты сактоо министрлиги чече турганын кошумчалады.

Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков бул маселе жылдын аягына чейин чечилерин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9276