Конституция боюнча референдумдун дайындалуусуна кимдер добуш берген жок? Тизме
RU

Конституция боюнча референдумдун дайындалуусуна кимдер добуш берген жок? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституция боюнча референдум 11-апрелде өтүүсүнө добуш бербеген депутаттардын тизмеси белгилүү болду.

Эске салсак, 94 депутат "макул" деп добуш берип, 6су каршы болушту.

Мыйзам долбоорго каршы добуш бергендер: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Бакыт Жетигенов, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Чынара Урумкалиева.

Ал эми добуш берүүго катышпагандар төмөнкүлөр: Мыктыбек Абдылдаев, Алиярбек Абжалиев, Джаныбек Бакчиев, Мирлан Жеенчороев, Кубанычбек Жумалиев, Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Канат Исаев, Ирина Карамушкина, Аида Касымалиева, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Айсулуу Мамашова, Жылдыз Мусабекова, Абдывахап Нурбаев, Евгения Строкова, Омурбек Текебаев, Эмиль Токтошев, Максатбек Эгембердиев.

Эске салсак, Алиярбек Абжалиев ага карата кылмыш иши козголгонго чейин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Кубанычбек Жумалиев учурда СИЗОдо. Ал эми депутат Алмазбек Акматов 28-февралда каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/927