Кызматтык унаанын капотуна отуруп сүрөткө түшкөн жаран милициядан жардам сурады
RU

Кызматтык унаанын капотуна отуруп сүрөткө түшкөн жаран милициядан жардам сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын кайгуул кызматынын унаасынын үстүнө чыгып, сүрөткө түшкөн жигит милиция кызматкерлерин жардамга чакырды. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашат.

Башкармалыктын берген маалыматында 14-ноябрда саат 07:30 чамасында Москва жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги саунада кыздар урушуп жатканы тууралуу милицияга билдирүү тушкөн деп айтылат.

Жерине Милициянын кайгуул кызматы барып, Свердлов РИИБине эки адамды алып келишкен. Алардын бири кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын капотуна отуруп сүрөткө тушкөн К. уулу А. экени такталды. Ал милицияга өзү чалып, аны бир кыз сабап жатканын билдирген.

Эске салсак, буга чейин интернет желесине белгисиз адам унаанын капотуна отуруп алып боёнуп, андан кийин сүрөткө түшкөн сүрөт, видеосу тараган. Кайгуул кызматкерлери бул учурда чакыруу болгон дарекке кетишкен. Кийинчерээк жорук жасаган жаран издөөгө алынганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9281