Алып баруучу Максат Надырбеков үйлөндү
RU

Алып баруучу Максат Надырбеков үйлөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу Максат Надырбеков сүйүктүүсүнө баш кошту. Түгөйлөрдүн ак тою бүгүн, 15-ноябрда өтүп жатканын алып баруучу билдирди.

Максат Надырбековдун жубайы Ысык-Көлдөн болот. Аты Алина, 25 жашта. Алар 1 жарым жылдан ашык убакыт бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн.

Максат Надырбеков алып баруучулук, тамадалыктан тышкары "Мегатой-1-2", "Кыялкештер", "Эл укпасын" жана башка тасмаларда роль ойногон.

2015-жылы ал Нурзат Токтосуновага үйлөнүп, 2020-жылы түгөйлөр эки ажырым жолго түшүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9286