Пандемиядан улам токтогон умра сапары жанданды. Зыяратка 60 адам учуп кетти
RU

Пандемиядан улам токтогон умра сапары жанданды. Зыяратка 60 адам учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пандемиядан улам токтотулган умра сапары быйыл уюштурулуп, зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге учуп кетишти. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашат.

60 адамдан турган топ 15-ноябрда Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Аталган топту Муфтият тарабынан бекитилген 3 умра башчы жетектеп барат. Ошондой эле аялдар үчүн топ башчы катары Гүлсара Каримова коштоп барат.

Белгилей кетсек, Муфтият пандемиядан бери умра сапарын уюштура элек болчу. Кичи ажылыктын ибадаттык маанисин көтөрүү, жарандарга сапаттуу диний кызмат көрсөтүү, ханафи мазхабынын тартибин сактоо сыяктуу зарылдыктардан улам умра сапарын уюштуруу кайра колго алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9289