Ойногонго кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан баланын апасы коомчулуктан жардам сурайт
RU

Ойногонго кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан баланын апасы коомчулуктан жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Петропавловка айылында 11 жаштагы Абдурашит Кошоев дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 25-октябрдан бери табылбай жатканын апасы Kaktus.media`га билдирди.

Айтымында, баласы ойноо үчүн 25-октябрда болжол менен саат 13:30да үйдөн чыккан.

"Ошондон бери жүргөн жери дайынсыз болууда. Ал буга чейин эскертүүсүз эч жакка чыкчу эмес. 27-октябрда биз Чүй ОИИББге арыз менен кайрылганбыз. Милициядан уулумду издеп жатышканын айтышкан", - деди эне.

Изделип жаткан Абдурашит Кошоевди көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну жакындары өтүнөт. Байланыш номери: 0700 20 10 91.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9291