Баткенде бир нече айылдын аталышы өзгөртүлдү
RU

Баткенде бир нече айылдын аталышы өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Президенттин администрациясынан маалымдашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган.

Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аттары өзгөртүлдү. Ага ылайык:

  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы - Айрыбаз айыл аймагы деп;
  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы - Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;
  • Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы - Тегирмеч айылы деп;
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы - Исхак-Полотхан айыл аймагы деп;
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы - Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп;
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы - Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагы - Кең-Талаа айыл аймагы деп;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп;
  • Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы - Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;
  • Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы - Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы деп кайра аталды.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Документтин максаты - айыл аймактарына жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, аталыштары кайтарып берүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9297