"Бир дүйнө" кинофестивалында тасмаларды көрсөтүүгө бүгүн да тыюу салуулар болду
RU

"Бир дүйнө" кинофестивалында тасмаларды көрсөтүүгө бүгүн да тыюу салуулар болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте адам укуктарына арналган эл аралык "Бир дүйнө" кинофестивалы өтүүдө. Иш-чаранын үчүнчү күнүндө да тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салуулар болду.

Борбор калаадагы Broadway кинотеатрынын жетекчилиги уюштуруучулар менен тартышып, кийин бир пикирге келишти. Сүйлөшүүлөрдөн кийин тасмалар көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун директору Төлөйкан Исмаилова расмий органдардын тыюу болбогонун, тасмалар эч кандай эрежелерди бузбай турганын айтат.

Ал белгилегендей, кинофестивалдын программасына кирген "Мара" жана "Жамгыр эч качан токтобойт" тасмаларды бир күн мурда көрсөтүүгө тыюу салынган.

"Мара" тасмасында Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгы, шайлоодогу элдин маанайы чагылдырылган. Ал эми "Жамгыр эч качан токтобойт" деген тасма Сириядагы, Украинадагы согуштун кесепети тууралуу баяндалган.

"Бир дүйнө – 2022" эл аралык фестивалына Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө тартылган 22 тасма катышууда. Иш-чара 14-18-ноябрга чейин өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9310