Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорунда кандай чектөөлөр жана артыкчылыктар бар?
RU

Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорунда кандай чектөөлөр жана артыкчылыктар бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча келишимди карап жатат. Жыйын Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп, келишимди депутаттар ратификациялашы күтүлүүдө.

Кырдаал тууралуу кыскача

Мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим Кыргызстанда саясий жаңжалды жаратты. Тактап айтканда, тургундар, айрым саясатчылар, жарандык активисттер бул келишимге каршы чыгышып, Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. Массалык баш аламандыкка даярдык көрүүгө шектелип 20дан ашык адам кармалды.

Бирок бийлик келишимди колдойт. 3-ноябрда Бишкекте Өзбекстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимге жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу келишимине кол коюшкан. 15-ноябрда парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети документти колдорун билдирген.

Өзбекстан менен түзүлгөн келишим толугу менен ачыка чыга элек. Бул маалыматтар президенттин, аткаминерлердин жана өкмөт мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү.

Kaktus.media Өзбекстан менен болгон келишим боюнча учурда жеткиликтүү болгон маалыматтарды топтоду.

Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдин мааниси

Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 1378 чакырым болсо, анын 85 пайызы же 1170 чакырым жер 2017-жылдагы келишим менен сыпатталып, ратификацияланган. Калган 15 пайыз жер макулдашыла элек. Учурда бул аймактарда тактоо иштери жүрүп жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди берет. Кыргызстан анын ордуна 19 миң гектардан ашык жерди, тагыраагы төмөнкү аймактарды алат:

Гавасай – 12949 гектар;

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылы - 105 гектар (Кыргыз Республикасынын жарандары жашайт);

Ала-Бука районундагы Баястан айылы - 212 гектар;

Унгар-Тоо тоосу - 35 гектар;

Кара-Суу районунун Ак-Таш айылы - 100 гектар;

Ала-Бука районундагы Кара-Белес айылы - 25 гектар (мурда Өзбекстанда болгон);

Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү - 19,5 гектар (каналдын башталышы Өзбекстанга жакын 19,5 гектар);

Сузак районуна - 500 гектар кошумча;

Өзгөн районуна - 500 гектар кошумча;

Орто-Токой суу сактагычы - 1009,5 гектар (толугу менен);

Ала-Бука районунун Көк-Серек, Биринчи Май айылдары - 1307 гектар;

Аэропорттун аймагы, Аксы районундагы Жетиген, Кербен - 571 гектар;

Ноокен районунун Шамалды-Сай айылы - 1088 гектар;

Араван району - 148 гектар;

Кадамжай районунун Көк-Талаа, Пылдырак айылдары – 1013 гектар.

Кемпир-Абадды эки өлкө биргелешип башкарат. Бирок башкаруу эки тарапта бирдей эмес

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айтымында, суу сактагычтагы сууну башкаруу биргелешкен болот. Бул үчүн эки тараптан 12ден 24 адамдан турган комиссия түзүлөрүн Суу чарба кызматы билдирди.

Бирок келишимдин мазмунунан суу сактагычка болгон көзөмөл теңсиз экендигин байкоого болот.

"Бизге Кемпир-Абадды тең укукта башкарабыз дешкен. Менимче, бул чоң жетишкендик. Бирок 4-беренеде өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздап, иштетип, кармап турат деп жазылган. Андан ары 2-беренеде "Өзбек тарап кыргыз тараптан түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрүнө паспорт менен текшерүүдөн өткөндөн кийин гана объектке кирүүгө уруксат берери жазылган. Эмне үчүн биз мындай кемсинткен талаптар менен объектке киребиз? Эмне үчүн өзбек тарап бизге мындай тоскоолдуктарды коюп жатат?" - дейт депутат Чыңгыз Айдарбеков.

Бул тууралуу Суу чарба кызматы да тастыктады.

"Суу сактагычтагы биздин комиссия паспорт менен жана темир тосмо аркылуу кирет. Мисалы биздин жумушчу топ 20 же 30 күн болот деп, кат, SMS-билдирүү же WhatsApp аркылуу билдире алабыз. Негизинен ал жерде туруктуу негизде эки адам болот", - деп түшүндүрдү кызматтын өкүлү.

Дастан Бекешев документ менен таанышып чыгып, келишимде талаш-тартыштарды чечүү механизмдери жок деген бүтүмгө келген.

Келишим тең укуктуу эмеспи?

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун сөзүнөн көрүнүп тургандай, Кыргызстандын кетирген кемчиликтери үчүн компенсация катары коңшу өлкө талаштуу жерлерге болгон дооматтардан баш тартууда.

"СССР убагында Анжиян суу сактагычы курулуп жатканда Өзбекстан сол жээгинен 200 чакырымдан ашык жерге канал куруу милдетин алган. Бирок ал курулган эмес. Мындан улам Бүргөндү массивиндеги 8 миң гектардан ашык жерге кыргыз тарап ээлик кыла албай калган. Бул жерлердин ордун толтуруу үчүн Наманган облусунун Пап жана Чуст райондорундагы Гавасай участогунан мурда талаш болуп келген 12709 гектар жайыт жерин Кыргызстанга өткөрүп берүү сунушталууда", - деп Ариповдун сөзүн Kun.uz басылмасы жазат.

Өзбекстан менен Кыргызстандын көрсөткүчтөрү эки башка

Өзбекстан менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн көрсөткүчтөрү эки башка. Алсак, кыргыз аткаминерлери Гавасай аймагынан 12 949 гектар жер алганын айтса, Өзбекстанда премьер-министр Абдулла Арипов депутаттарга Гавасайдагы 12 709 гектар жер берилерин билдирүүдө. Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев сандардагы бул айырманы төмөнкүчө түшүндүрөт.

"Ариповго ишенбегиле, бизге ишенгиле. Бетегел аймагы жазылбай калган. Биз аны коштук, бирок алар буга чейинки эсеп менен эле билдирүү таратышууда".

Келишимдин шарттарындагы мындай карама-каршылык суроо жаратпай койбойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9311