Жалал-Абадда маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды
RU

Жалал-Абадда маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылып, өз арызында 2021-жылдын 7-март күнү маршруткада бараткан учурда 8000 сомго жакын акчасы бар капчыгын уурдаткандыгын билдирген.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусунун Өзгөн районунун 1983-ж.т. тургуну М.С. кармалган.

М.С. тергөөнүн жүрүшүндө жасаган ишин толугу менен мойнуна алып, 2021-жылдын 7-март күнү саат 10:00 чамасында жеке иштери менен Өзгөндөн Жалал-Абад шаарына келгендигин, 16:00 чамасында маршруткага отуруп, жүргүнчү аялдын сумкасынан капчыгы көрүнүп тургандыгын, капчыкты эч кимге байкатпай алып, чөнтөгүнө салып, маршруткадан ошол замат түшүп калгандыгын айткан. Капчыктын ичинде 7000 сомго жакын акча болгондугун, акчасын алып, капчыктын таштандыга ыргытып салгандыгын билдирген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/931