Таласта түн ичинде мушташкан 7 адам кармалды. Алар мас абалда болушкан
RU

Таласта түн ичинде мушташкан 7 адам кармалды. Алар мас абалда болушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта түн ичинде бир нече адамдардын урушуп жаткан видеосу интернет желесине тарады. Окуя боюнча Талас ОИИБдин басма сөз кызматы Kaktus.kgге буларды билдирди.

13-ноябрга караган түнү саат 12:40 чамасында Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Алтын-Казык соода борборунда белгисиз адамдар мушташып жатканы кабарланган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда бир нече адам пикир келишпестиктен улам урушуп кеткендиги аныкталган. Видеодогу 7 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала текшерүү учурунда алар​ мас абалда экендиги аныкталды.

Окуянын бардык катышуучулары​ жана соода борбордун администрациясы ​арыз даттануудан баш тартышкан. Аталган факты боюнча административдик чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9321