Турганбай Памири сүйүктүүсүнө баш кошту. Сүрөт, видео
RU

Турганбай Памири сүйүктүүсүнө баш кошту. Сүрөт, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Памирден келип Кыргызстанда жашап, билим алган Турганбай Памири сүйүктүүсүнө баш кошту. Эки жаш 18-ноябрда кыргыздын каада-салты менен баш кошуп, ак тоюн өткөрүшүүдө.

Үлпөт тойдо эки жашты жар-жар ыры менен Кенже Көбөкова залга алып кирди.

Тойго эки жаштын туугандары, дос, курбулары, маданият өкүлдөрү, чиновниктер да конок болушту.

Турганбай Памири 2017-жылы ата-энеси, бир туугандары менен Памирден Кыргызстанга көчүп келишкен. Учурда алар Кара-Балта шаарында жашайт. Турганбай Памири 2021-жылы Кыргызстадын жарандыгын алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9328