Токтогулда медициналык борбордун жетекчиси кызмат абалынан пайдаланган деп кармалды
RU

Токтогулда медициналык борбордун жетекчиси кызмат абалынан пайдаланган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганга шектелүүда.

Райондогу Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды. Аталган борбордун жетекчиси Ж.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгон.

Бул факты боюнча 337-берененин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки иш ачылды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9332