Эл артисти Муратбек Бегалиевди Франциянын министри даражалуу орден менен сыйлады
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кевалери наамы ыйгарылды. Даражалуу наамды Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак берди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Аталган сыйлык - 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн жана искусство менен адабиятты Францияда жалпы дүйнөгө жайылтууга кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9334