Министрлер кабинети январь айында 8 күн эс алууну сунуштады
RU

Министрлер кабинети январь айында 8 күн эс алууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Январь айында кыргызстандыктар 8 күн эс алышы мүмкүн. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, дем алыш күндөр 1-8-январга чейин созулушу мүмкүн.

Мындай узак дем алыш беш күндүк иш графиги боюнча иштеген жарандар үчүн болот. Бирок ошол эле учурда жаңы жылдык дем алыш күндөрүнүн бир бөлүгү кийинки айлардын ишемби күндөрүнө жылдырылат.

  • 7-январь Рождество майрамы дем алыш күнгө туш келет. Бирок ал 9-январга жылдырылбайт, анын ордуна 3-январь эс алуу күнү болот;
  • 4-январдагы эс алуу 25-февраль ишемби күнгө;
  • 5-январдагы эс алуу 11-март ишемби күнгө;
  • 6-январдагы дем алыш күнү 25-март ишемби күндөргө жылдырылат.

Белгилей кетсек, азырынча бул токтомдун долбоору эле, андыктан ага өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9336