Комузчу Чолпон Мелисбекова күү борборун ачты
RU

Комузчу Чолпон Мелисбекова күү борборун ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Комузчу Чолпон Мелисбекова эми комузда кол ойнотом деген каалоочуларга устат болот. Тагыраагы, ал "Күү ордо" борборун салтанаттуу түрдө ачты.

Чолпон Мелисбекова аталган борборду ачууга жакындары, устаты чоң колдоо көрсөткөнүн айтат.

"Эми кыргыздын мукам үндүү күүлөрүн үйрөнөм, комуз чертем деген адамдарга эшигибиз ачык. Азырынча окутуу борборунда өзүм жеке иштейм. Бардык каалоочуларга, тагыраагы, чоңдорго, балдарга да күүлөрдү үйрөтөм", - дейт ал.

Чолпон Мелисбекова кыргыз күүлөрүн аткаруу менен чектелбестен дүйнөлүк хиттерди жана мультфильмдердин музыкаларын комуздун күүлөрүнө салып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9340