Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта талаа ээлери Эквадорго жеңилип калды
RU

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта талаа ээлери Эквадорго жеңилип калды

Все самое интересное в Telegram

Ааламдагы эң күтүлгөн мелдеш Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрда Катарда старт алды.

Оюндун алгачкы беттешинде талаа ээлери Катар менен Эквадор курама командалары кездешти.

Оюн Аль-Хаур шаарындагы Эль-Байт стадионунда өттү. Эквадор курамасынын чабуулчусу Эннер Валенсия атаандаштарынын дарбазасына эки гол киргизип, командасына жеңиш алып келди. Оюндун 3-мүнөтүндө эквадордуктар жасаган бир гол офсайд абалынан улам калыстар тарабынан жокко чыгарылды.

Бүгүн, 21-ноябрда А жана В тайпаларында 1-турдун беттештери өтөт. Чемпионат 18-декабрга чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9344