Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Канат Исаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 21-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен экс-депутат 23-декабрга чейин камакта калтырылды.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев
  • Айданбек Акматов
  • Нурлан Асанбаев
  • Бектур Асанов
  • Атай Бейшенбек
  • Азимбек Бекназаров
  • Эрлан Бекчороев
  • Айбек Бусурманкулов
  • Гулнара Журабаева
  • Кеңешбек Дүйшебаев
  • Равшан Жээнбеков
  • Кубанычбек Кадыров
  • Рита Карасартова
  • Чынгыз Капаров
  • Таалайбек Мадеминов
  • Улукбек Маматаев
  • Жеңиш Молдокматов
  • Асия Сасыкбаева
  • Клара Сооронкулова
  • Перизат Суранова
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов
  • Орозайым Нарматова
  • Илгиз Шаменов
  • Мамбетжунус Абылов
  • Талант Эшалиев
  • Канат Исаев

Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленип, ал 1 айга СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9348