Бажы кызматы жарым миллион сомго жумуртка чыгарып бараткан контрабандачыны кармашты
RU

Бажы кызматы жарым миллион сомго жумуртка чыгарып бараткан контрабандачыны кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыйзамсыз ташып келе жаткан наркы 548 625 сомдук товар бажы кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында Бажы кызматынын басма сөз бөлумү кабарлады.

Ош облусунун ыкчам бажысынын кызматкерлери "Mersedes-Benz 312" үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп, Кыргызстандын Г.Б.Б. аттуу жаранын текшеришкен.

Бустун жүк бөлугүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57750 шт. тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 548625 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/934