Акылбек Жапаров: Президенттин, менин тапшырмамды аткарбаган жетекчилер менен коштошобуз
RU

Акылбек Жапаров: Президенттин, менин тапшырмамды аткарбаган жетекчилер менен коштошобуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын болжол менен 20-декабрында бүт министрлик, агенттиктердин жетекчилеринин ишинин жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Ал белгиленген планды, президенттин жана анын тапшырмасын аткарбаган жетекчилер менен коштошо тургандарын айтты.

"Жакында эле төрт министр менен коштошконбуз (ред:. энергетика министри Доскул Бекмурзаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев). Биз эч кимисин аяп, же болбосо ал менин тууганым, досум экен дебейбиз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9350