Мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду
RU

Мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик органдардагы бир катар жетекчилик кызматтар саясий кызматка которулду. Бул тууралуу президенттик админстрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Анын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Жарлыкка ылайык, президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду.

Бул номенклатурага төмөнкү кызматтар кирет:

  • Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, президентке караштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (президенттин түздөн-түз карамагында), министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары.
  • Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары)
  • Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (президент, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9355