Эки күндүн ичинде Кыргызстанда үч ирет жер титиреди
RU

Эки күндүн ичинде Кыргызстанда үч ирет жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки күндүн ичинде Кыргызстанда үч ирет жер титиреди. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту маалымдайт.

Белгилүү болгондой, 21-ноябрда саат 19:34тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Экинчи жер титирөө 22-ноябрда саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Үчүнчү жер титирөө да Ысык-Көл облусунун аймагында саат 04:34тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен (афтершок). Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет, Кызыл- айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9360