MegaCom компаниясын кийинки жылы сатуу каралууда
RU

MegaCom компаниясын кийинки жылы сатуу каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров MegaCom уюлдук компаниясы (Альфа Телеком ЖАК) эмнеге сатыла электигин түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов парламент буга чейин MegaCom компаниясын Улуттук банкка сатууга уруксат бергенин эске салды.

Мирлан Бакиров мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагылганын, 2023-жылы кайра кароого коюларын айтты. Ал белгилегендей, компания мурда 19 миллиард сомго бааланса, эми 14-15 миллиард сомго бааланууда.

Белгилесек, Мамлекттик мүлктү башкаруу фонду MegaCom компаниясын Улуттук банкка сатууну сунуштап жатканын айткан. Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы Толкунбек Абдыгулов фонддон расмий сунуш болбогонун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9365