Кыргызстанда онлайн тотализатор ачууга уруксатты казакстандык компания алды
RU

Кыргызстанда онлайн тотализатор ачууга уруксатты казакстандык компания алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда онлайн тотализатор (спорт оюндарынын болжолдуу жыйынтыгы үчүн акча коюу) ачууга чет элдик компания лицензия алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Сарбанов билдирди.

Сарбанов билдиргендей, лицензия Казакстанда Sports Entertainment деп катталган 1XBET казак-орус компаниясына берилди.

"Лицензия алуу үчүн аталган компания август айында эле кайрылган. Мындан бир апта мурда 1XBET компаниясы мамлекеттик орган менен келишим түздү. Бул компания лицензияны 3 жолку аракеттен кийин ала алды", - дейт ал.

Ал эми казино ачуу боюнча Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына 3 ишкананын юристтери кайрылышкан. Азырынча сунуш түшкөн тараптардан тиешелүү документтердин толук пакети көрсөтүлө элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9369