Бүгүндөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилет
RU

Бүгүндөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элдик курултайды өткөрүүгө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө транспорт каттамдарына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, чектөөлөр 24-27-ноябрь аралыгында болот.

Бул күндөрү курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жолдор жабылат.

Чектөө киргизиле турган көчөлөр:

  • Жибек Жолу кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
  • Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.

Белгилей кетсек, Элдик курултай 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9378