Садыр Жапаровдун Арменияга болгон 1 күндүк иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Арменияга болгон 1 күндүк иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Арменияга болгон 1 күндүк иш-сапары аяктады. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Жапаров жана ал баштаган делегация 24-ноябрга караган түнү Бишкекке келди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышты.

Анда Садыр Жапаров глобалдык коопсуздук тутумундагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик ыкмалар жана каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан учурда, өзгөрүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп берүү үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

ЖККУнун ЖКК сессиясынын жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин - Кыргызстандын, Армениянын, Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык Армения Республикасынан Беларусь Республикасына өттү.

Өз кезегинде Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов 2023-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун Башкы катчысы болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9388