Кыргызстанда атом станциясы курулушу мүмкүн
RU

Кыргызстанда атом станциясы курулушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулушу мүмкүн. Энергетика министрлиги менен "Росатом" корпорациясы макулдашууга кол койду.

Аталган макулдашуу боюнча министрликтен кеңири түшүндүрмө беришти. Ага ылайык:

  • Документте азырынча кызматташуу тууралуу сөз болууда;
  • Долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат;
  • Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу максатка ылайыктуубу же жокпу деген маселени түшүнүүгө негиз болот;
  • Кыргызстан "Росатом" сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун талдап чыгат; Зарыл болгон көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлөт;
  • Экологиялык коопсуздук маселеси дыкат каралат;
  • Коомдук талкууга коюлат;
  • АЭС куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынат.

"Эл аралык тажрыйбага ылайык, АЭС азыр заманбап технология менен курулууда. Тагыраак айтканда, станцияга жакын жайгашкан калктуу пунтка, айыл чарбасына жана суу ресурстарына зыяны тийбегендей ыкма колдонулат. АЭСтин айланасындагы экологиялык абал тармактык органдардын жана ар кандай уюмдардын адистери тарабынан дайыма көзөмөлдөнүп турат. Атомдук электр станциялары жаратылышты булгабайт. Атомдук энергетикада колдонулган сырье толук күйбөйт. Бул калдыктарды кайра колдонууга болорун көрсөтүп турат. Анын негизинде калдыксыз өндүрүштү камсыз кылууга болот. Кыскасы, атомдук электр станциялар жашыл энергетиканын сап башында турат", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9399