Элдик курултайдын катышуучуларынын эң көбү Чүйдөн, эң азы Ысык-Көлдөн
RU

Элдик курултайдын катышуучуларынын эң көбү Чүйдөн, эң азы Ысык-Көлдөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайга аймактардан жалпы 1072 делегат чогулду. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, катышуучулардын 924ү эркек (демек калган 148и аял).

"Курултайга эмгек мигранттарынан 26 жана дин өкүлдөрүнөн 10 адам катышууда. 150дөн ашуун аял, 924 эркек делегат болушту. Жалпысынан 12 улуттун өкүлдөрү катышып жатат. Аксакалдар да бар", - деди Касмамбетов.

Курултайга дайындалган делегаттардын ичинен:

  • Баткен облусунан - 71;
  • Жалал-Абад облусунан - 147;
  • Нарын облусунан - 128;
  • Ош облусунан - 179;
  • Талас облусунан - 76;
  • Чүй облусунан - 218;
  • Ысык-Көл облусунан - 27;
  • Бишкек шаарынан - 60;
  • Ош шаарынан - 30;
  • Дин өкүлдөрүнөн - 10;
  • Эмгек мигранттарынын өкүлдөрүнөн -26.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9406