Талас облусунан котрабандалык күйүүчү-майлоочу каражатар кармалды
RU

Талас облусунан котрабандалык күйүүчү-майлоочу каражатар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 11-мартында Талас облусунан күйүүчү-майлоочу каражатарды ыйзамсыз ташуу фактысы боюнча оор жүк ташуучу (бензовоз) унаа кармалды.

Коштомо документтерге ылайык, күйүүчү май Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок, көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы Бишкек-Ош авто унаа жолунундагы Чычкан капчыгайынан (234-км) кармалган.

Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.

Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшүүдө. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрмөкчү, деп пресс-релизде жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/940