Ак үйдөгү өрт өчүрүлдү
3041
Бишкекте Ак үйдүн имаратында өрт чыкты. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иш алып барып, милиция кызматкерлери имараттагы адамдарды эвакуациялаганын окурмандар билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен саат 2:36да өрт өчүрүүчүлөр чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкенин, учурда өрт толук өчүрүлгөнүн кабарлашты.
slide 3 of 2
Жогорку Кеңештин кызматкерлери түтүн каптап баштаганда коопсуз жайга чыгарылганын, учурда эшикте экенин айтышты.
Алдын ала маалымат боюнча өрт жер төлөөдөн чыкты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9410