Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси дайындалды
RU

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дайындоо боюнча жарлыкка Садыр Жапаров 25-ноябрда кол койду.

Буга чейин, (2021-жылдын майынан 2022-жылдын августуна чейин) Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп Талант Султанов иштеген.

Азизбек Мадмаров 2006-2010-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болгон. Ал Түркмөнстандын элчиси болуп дайындалганга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9416