Садыр Жапаров кыргыз армиясы эмне менен куралданганын айтып берди
RU

Садыр Жапаров кыргыз армиясы эмне менен куралданганын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-ноябрда биринчи Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында, ал бийликке келгенден кийин гана кыргыз армиясынын материалдык-техникалык базасын жана курал-жарактарын жаңылоо башталган.

"Мен кызматка киришкенде бизде брондолгон аскердик техника жок болчу. Учурда республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй каражат бөлүндү. Аларга "Тигр" маркасындагы атайын бронеавтомобилдер, армиянын оор жүк ташуучу унаалар жана "Байрактар-ТБ2", "Акынжы", "Аксунгур" сыяктуу учкучсуз учуучу аппараттар жана башка заманбап куралдар, аскердик техниканын түрлөрү сатып алынды", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9417