Москвада кыргызстандыктын 100 миң долларын тоноп кетишти
RU

Москвада кыргызстандыктын 100 миң долларын тоноп кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада белгисиз адамдар Кыргызстандын жаранына кол салышты. Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, кол салгандар 100 миң доллар салынган сумкасын алып кетишкен.

Окуя дүйшөмбү күнү, 28-ноябрда түштөн кийин Литва бульварында болгон. Видео интернетте пайда болду. Тоноо учурунда жабырлануучуга эки жолу ок чыгарышкан, бирок тийбей калган.

"112" Telegram каналынын маалыматына караганда, кол салгандар сары түстөгү Volkswagen Polo унаасы менен окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган, учурда издөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9434