Улукбек Марипов Ош облусундагы "Келечек" балдар үйүнө барды
RU

Улукбек Марипов Ош облусундагы "Келечек" балдар үйүнө барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ош облусундагы Кара-Суу районунун Тельман айылындагы "Келечек" балдар үйүнө барды.

Учурда 11 бала (ата-энеси баш тарткан жана тоголок жетимдер) тарбияланып жаткан балдар үйү 1999-жылы бала бакчанын ордуна негизделген.

Түзүлгөн учурдан тартып мекемени Баян Тулешева жетектеп келет.

"Боорукер жана башкаларга кыйынчылыкта жардамын аябаган жүрөгүңүздөр үчүн сизге ыраазыбыз. Жолдошуңуз менен бирге бул балдарга ата-эне болуп бергениңиздер үчүн рахмат. Бул жакшылыгыңыздар сиздерге сөзсүз түрдө эселеп кайтат. Мында салттуу балдар үйүнө окшош эместиги кубандырат. Бул үйдө көп балалуу үй-бүлө жашаган үй-бүлөлүк бейпилчилик орноп турат", - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы өзүнүн атынан балдарга сыналгы, компьютер, оюнчук жана таттууларды белек кылды.

Андан соң Премьер-министр Араван районундагы Мангыт айылындагы 50 орундуу ооруканын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Оорукана 10 жылдан ашуун убакыттан бери салынып жатканы менен курулуш эч аяктабай жатат.

Премьер-министр медициналык мекеменин эшигин быйылкы жылы ачууну жана зарыл жабдуулар менен камсыздоону тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/943