УКМК: Баткен областынан баңгизаттар, курал жарактар жана ок дарылар сакталган жер табылды
RU

УКМК: Баткен областынан баңгизаттар, курал жарактар жана ок дарылар сакталган жер табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 11-мартында баңгизаттарды жана курал жарактарды мыйзамсыз сакталган фактысын бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын Баткен районунан, курал жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылды.

Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги 37 даана ок, жана ошондой эле таңгакталган белгисиз заттар аныкталган. Андан тышкары жалпы салмагы 250 грамдан ашык марихуана, спецификалык жыты бар заттар табылды.

Бул материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) фактысы боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилип, учурда УКМК бул ишке тийешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/944