Адахан Мадумаровдун кеңешчиси жана жардамчысы жасалма документ колдонгонго айыпталды
RU

Адахан Мадумаровдун кеңешчиси жана жардамчысы жасалма документ колдонгонго айыпталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун жардамчысы, кеңешчиси кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштеген (жасалма документтерди колдонуу) факты аныкталды деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңешке кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш иши козголду:

  • "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган Кулмурзаева Айпери;
  • фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган Алибаева Айгерим;
  • А.Мадумаровдун жардамчысы - 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азамат.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. А.Алибаева менен А.Муратбек уулу жасалма документтерди пайдаланганын моюнга алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышты.

Ал эми А.Кулмурзаева Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кызматынан бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9469